Көңүл буруңуздар! “Бай-Тушум жана Партнерлор” компаниясы эскертет!

08.02.2012

Телефондук көз боемочулуктар болгон учурлар катталды. Эгерде, Сизди «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы тарабынан жүргүзүлө турган кандайдыр бир акциянын, оюндун, лотереянын же викторинанын жеңүүчүсү болдуңуз деген билдирүү менен Сизге белгисиз кандайдыр бир адамдар кайрылса, андай провокацияга берилбеңиз, көз боемочуларга ишенбеңиз жана белгисиз адамдын айткан көрсөтмөлөрүн аткарбаңыз! Маалыматты өз алдыңызча текшериңиз! Сизге телефон чалган адамдын Фамилиясын, Атын жана Атасынын атын, ошондой эле анын иштеген кызматын жана телефонун тактап билиңиз. Сизди тейлөөчү насыялык адис же депозиттер менен иштөө боюнча адис менен байланышыңыз жана маалыматтын ишенимдүүлүгүн текшериңиз.

Эгерде, Сиз көз боемочуларга алданган болсоңуз,  Сиз ошол замат жашаган жериңиз боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышыңыз керек.

Сак болуңуздар!