“Бай Түшүм” банкы “Талаа күнүнө” катышты

01.10.2015

“Бай Түшүм” банкы 30-сентябрда «KWS», «К.О. Стандарт Агросервис» («Lemken», Amazone), «Grimme» компаниялары жана  «Бай-Жер» ЖЧКсы, ОАО ААК «Каинды-Кант» заводу жана  GIZ и TES-Борбор менен биргеликте уюштурулган “Талаа күнүнө” катышты. Бул жолугушуунун башкы темасы – “Кант кызылчасынын заманбап гибриддери, айыл чарба техникалары жана жер кыртышын негизги даярдоо (күзгү) болду.

Ушул жылдын июль айында “Бай Түшүм” банкы жана ААК «Кайыўды-Кант» заводу айыл чарбасында иштешкен орто жана чакан бизнестин финансы ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бул макулдашуунун алкагында 2,5 млн. сомдон ашуун суммага 34 насыя берилди. Бул ишке берилген долбоор Чүй облусундагы кант кызылчасын өстүрүп жатышкан фермер-дыйкандарга атайын багытталган максатуу долбоор болуп эсептелет. Бул айыл чарба өндүрүшүнүн бардык катышуучуларын бирдей шартка койгон жана анын эң негизги катышуучусу болгон фермер-дыйкан тапшырган кызылчанын тїшїмї їчїн туура баасын алган баа түзүмүндөгү чыныгы реалдуу үлгү болуп эсептелет.

“Талаа күнүнө” 150дөн ашуун фермер-кызылчачычылар, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, ушул багыттагы мамлекеттик түзүмдөрдөн өкүлдөрү, «KWS» (Германия) їрєнчїлїк компаниясы, GIZ, ТЕS – Борбор, айыл чарба техникаларын, өндүрүш жабдууларын берүүчүлөр, ММКнын өкүлдөрү, финансы институттары жана да башка көптөгөн өнөктөштөр катышышты.