Кыргызстандын 7 облусу боюнча жыйналган 200 жетим бала Ыссык-Көлгө барышат

14.08.2018

Ыссык-Көл – бардык балдардын эңсеген кыялы. Бирок, тилекке каршы керемет Ыссык-Көлдүн шапатасын, дегеле биздин Көлүбүз жана анын жаркыган  Күнү менен Толкунун көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок балдар да бар.  ☀

Ушул жылы  «Элим Барсыңбы» коомдук Фондунун аркасы менен Кыргызстандын 7 облусу боюнча жыйналган 200 жетим бала Ыссык-Көлгө барышат. Аларды көлдүн түндүк жээгиндеги «Барчын» пансионаты кучак жая тосуп алмакчы. Фонддун кызматкерлерине ушул  ак ниет демилгелери үчүн чоң Рахмат!

Эгерде Сиз дагы ушул жамааттык маанилүү ишке колдоо көрсөтүүнү кааласаңыз, анда «Элим Барсыңбы» коомдук Фонду менен 0770 004 044 номуру боюнча байланышыңыз. Бардык чогултулган каражат жетим балдарга колдоо көрсөтүү үчүн жумшалат. Сиз канча сумма кошуп жаткандыгыңыз анча маанилүү эмес, эң башкысы – биз баарыбыз бириксек, анда ата-энелеринин камкордугунан айласыз ажырап калган кичинекей Кыргызстандыктардын жашоосун чындыгында эле жакшырта алаарыбыз маанилүү.

Биздин Банк да ушул ак ниет демилгеге кошулуп, демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.