«Бай-Түшүм» Банкы кичинекей кыргызстандыктарды Балдарды Коргоонун эл аралык Күнү менен куттуктады

01.06.2015

«Бай-Түшүм» Банкы жыл сайын балдар үйлөрүнө, асоциалдык үй-бүлөлөрдөгү балдар менен бирге социалдык жактан корголбогон жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, мектеп-интернаттарга жана жаш спортсмендерге ар тараптуу жардам көрсөтүп келет.

Жакшы салтка ылайык, Балдарды Коргоо күнүнө карата Банктын бардык филиалдары жалпы Кыргызстан боюнча кайрымдуулук акцияларын өткөрүштү.

“«Бай-Түшүм» Банкы ушул жылы 15 жылдык маарекесин белгилейт. Банк өзү уюшулган күндөн баштап  балдар мекемелерин үзгүлтүксүз колдоп келе жатат. Биздин жашообуздун кубанычы жана маңызы балдарга байланышкан эмеспи. Ошондуктан ар бир баланын укугун коргоо, балдарды камкордукка бөлөп, аларга кубаныч тартуулоо—биздин, чоң адамдардын башкы милдети”,- деп белгиледи «Бай-Түшүм» Банкынын башкы менеджери Гүлнара  Шамшиева.

Банктын кайрымдуулук акциясынын алкагында 1500дөн ашуун бала зарыл болгон жардамдарды алышты: аларга таттуу белектер, азык-түлүк салынган баштыктар, кийим-кечелер, бут кийим, ар кандай оюнчуктар жана канцелярдык товарлар даректери боюнча жеткирилип берилди. Мындан тышкары Банктын жамааты көп жылдардан бери достук мамиледе жүрүшкөн балдардын социалдык бир нече мекемелеринин бир катар маселелерин чечүүгө жардам берди.  Аймактардагы балдар үйлөрү үчүн тиричилик техникалары, идиш-аяктар, эмеректер сатылып берилди жана байгелүү конкурстар менен коштолгон майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

 Акыркы 5 жылдын аралыгында эле Банк жалпы Кыргызстан боюнча жардамга муктаж болушкан балдарга жана балдар үйлөрүнө 3 миллион сомдон ашуун суммага кайрымдуулук жардамын берип, демөөрчүлүк колдоосун көрсөттү.

Алардын арасында:

  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Келечек» реабилитациялык борбору;
  • Токмок шаарындагы республикалык адистештирилген балдар Үйү;
  • Кочкор районунун Чолпон айылындагы жетим  жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Үйү;
  • Ош облусунун Кашгар-Кыштак айылындагы угуусу жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернаты;
  • Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык үй- интернаты;
  • Баткен облусунун Баткен шаарындагы кургак учукка каршы күрөшүү боюнча борбору;
  • Ысык-Көл облусунун Түп районундагы асоциалдык үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн «Мээрим булагы» балдар үйү;
  •  Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Талас облусундагы Покровка реабилитациялык Үйү;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн  Бишкек шаарындагы реабилитациялык Үйү;
  • Жалал-Абад облусунун Кош-Дөбө айылындагы балдар бакчасы;
  • Жалал-Абад облусундагы  Базар-Коргон балдар бакчасы;
  • .Кара-Балта шаарындагы жетим балдардын атайын мектеп-интернаты;
  • Кадамжай районундагы Үчкоргон балдар үйү;
  • Каракол шаарындагы «Ирада»  муниципалдык балдар бакчасы;
  • Талас шаарынын Умарат айылындагы атайын интернаты;
  • КРнын Онкология Улуттук борборунун онкогематология балдар бөлүмү.