Ошто «Бай Түшүм» банкынын «Банкирдин мектебиндеги» окуулары башталды

03.10.2018

Бул жолку окуучулардын саны  – 34. Булар, окууга арыз беришкен 150 талапкердин арасынан деңгээлдик тандоонун  жыйынтыгы боюнча  бактылуу билетке ээ болушту.

Мектеп абдан шыктуулар жана максатка умтулгандар үчүн банк ишинин зор дүйнөсүнө эшик ачат. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандан жана стажерлуктан өткөндөн кийин алар «Бай Түшүм» банкында өз  карьерасын баштай алышат.

«Банкирдин мектебинин» катышуучулары алгач келечекте иштей турган иши үчүн көптөгөн  жаңы, керектүү жана практикалык маанилүү болгон көнүгүүлөрдөн өтүшөт. Биздин тренер-практиктер үйрөтө турган көпчүлүк темалар жогорку окуу жайларында үстөртөн гана айтылып кеткен темалар.   Жаш адистер практика түрүндө төмөнкү темаларды окуп үйрөнүшөт:

  •  Бухгалтердик эсеп;
  •  Финансылык анализ;
  • Эсептер жана банктык аманаттар  боюнча  операцияларды жүргүзүү,
  • Кардарлар менен коммуникация жана сатуулар;
  • Ошондой эле  банктын жалпы иши кандайча уюштурулгандыгы менен кенен тааныша алышат.

Биз жаш адистердин ийгиликтерине көз салып турабыз.