Насыяны кантип алуу?

1 -кадам

Сиз жашаган шаарда/айылда жайгашкан «Бай Түшүм» Банкынын офисине кайрылыңыз же 312 (905 805) телефону боюнча Банктын Call борборуна чалыңыз – Сизди Банктын кызматкерлери насыя алуунун толук шарттары жана тартиби менен тааныштырышат.

2-кадам

Банктын офисинен же сайтынан Арызды (Өтүнүчтү) толтуруңуз жана аны жөнөтүңүз.

3-кадам

Банк Сиздин арызды 2 жумушчу күндүн ичинде карап чыгат* жана арызда көрсөтүлгөн телефондор боюнча Сиз менен байланышат.

4-кадам

Керектүү документтерди даярдаңыз жана «Бай Түшүм» Банкынын офисине бериңиз. Банк насыя берүү жөнүндө чечимди 2 жумушчу күндүн ичинде кабыл алат*. Насыя берүүгө карата арызды кароонун мөөнөтү Банктын кароосу боюнча узартылышы да мүмкүн.

«Бай Түшүм» Банкын тандап алгандыгыңыз үчүн Сизге рахмат!