«Бай Түшүм» Банкы   ЖЧК «Мобильник» менен биргеликте   «Мобильник Деньги» электрондук капчыктарын идентификациялоону жүргүзөт

19.02.2016

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын  2016-жылдын  23- февралындагы талаптарынын алкагында  «Мобильник Деньги» электрондук капчыктарынын 2 түрү жеткиликтүү болмокчу:

Идентификацияланган капчыктар – алардын ээлери капчыктын профилдеринин түзүмүнө персоналдык маалыматтарын көрсөткөн жана идентификациядан өткөн электрондук капчыктар. Мындай капчыктардын ээлери үчүн төмөндөгү операциялар жеткиликтүү болмокчу:

  • Капчыктагы акча каражатынын максималдуу суммасы 50 000 сомдон көп болбоого тийиш
  • Акча каражатынын чектөөсүз суммардык айлануусу
  • «Мобильник Деньги» электрондук капчыктарынын арасында акча каражатын которууларды жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүгү
  • Акча каражатын башка электрондук капчыктарга, банктык эсептерге жана карталарга чыгарып алуунун (накталай) мүмкүнчүлүгү

Идентификацияланбаган капчыктар  – алардын ээлеринин персоналдык маалыматтары көрсөтүлбөгөн жана такталбаган электрондук капчыктар. Мындай капчыктардын ээлери үчүн төмөндөгү операциялар жеткиликтүү болмокчу:

Капчыктагы акча каражатынын максималдуу суммасы  15 000  сомдон көп болбоого тийиш

  • Акча каражатынын суммардык айлануусу айына 30 000 сомдон көп болбоого тийиш
  • «Мобильник Деньги» электрондук капчыктарынын арасында акча которуулар жеткиликтүү болбойт

Акча каражатын башка электрондук капчыктарга, банктык эсептерге жана карталарга чыгаруу (накталай ) жеткиликтүү болбойт. «Мобильник Деньги»  капчыктарын идентификациялоо үчүн ЖАК «Бай Түшүм» Банкынын офистерине кайрылуу керек. Электрондук финансы иштерин жүргүзүү үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  1. Кардарлар менен иштөөчү адиске электрондук капчыктын жекече эсеп номурун жана өздүгүн тастыктоочу паспортун көрсөтүү зарыл.
  2. Сиз көрсөтүп жаткан паспорттогу маалыматтар менен оператордун маалымат тармагындагы электрондук капчыктын профилиндеги көрсөтүлгөн маалыматтар дал келбей калган учурда, адистин жанында туруп «Мобильник Деньги» тиркемесинин же www.mobilnik.kg сайты аркылуу капчыктын профилиндеги маалыматтарга Сиздин өздүгүңүздү тастыктоочу документиңиздеги маалыматтарга ылайык түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
  3. Профилдеги маалыматтар менен Сиздин документиңиздеги маалыматтарды салыштырып чыккандан кийин, банктын адиси ЖАК «Бай Түшүм» Банкынын ички иштерине ылайык электрондук капчыктын ээсин идентификациялоону жүргүзөт.