Электрондук акча

Электорондук капчыкты колдонуу эрежеси«Бай-Түшүм» Банкы «Мобильник» ЖЧКсы менен өнөктөштүктө кардарларга «Мобильник Акча» электрондук капчыгынын жардамы менен электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүнү сунуштайт.

«Мобильник Акча»- төлөмдөрдү реалдуу убакыт тартибинде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү, электрондук капчыктын башка да колдонуучуларына акча каражатын которууга, коммуналдык тейлөөлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана ар кандай программаларды жана оюндарды, интернет-дүкөндөрдөн сатып алуулар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө, мындан тышкары интернет тармагын же мобилдүү телефонду пайдалануу менен самолетко же киного билет алууда кошумча жеңилдиктерге ээ болууга мүмкүнчүлүк түзөт. А эгерде «Мобильник Акчанын» эсебинде чыгымдоого зарыл болбогон акча каражаты бар болсо, анда аны «Бай Түшүм» банкындагы өз эсебиңизге которуп, депозит ачуу менен кошумча киреше алууга же акчаңызды башка максаттар үчүн пайдаланууга болот.

«Мобильник Акча» электрондук капчыгын көз ирмемде комиссиясыз толтуруу—0 сом!
Бүткүл Кыргызстан боюнча коммуналдык тейлөө, уюлдук байланыш жана башка 250дөн ашуун кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тейлөөлөрү үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү!

Катталыңыз

Идентификациялоо

Насыяны төлөө

Эсепти толтуруу

Электорондук капчыкты колдонуу эрежеси