Корпоративдик социалдык жоопкерчилик

Кайрымдуулук

«Бай Түшүм» Банкы 16 жылдан ашуун мезгилден бери билим берүү жана социалдык камсыздандыруу багыттарындагы кайрымдуулук, демөөрчүлүк программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу коомчулуктун өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатат. Бул ишмердүүлүк Банктын бизнес жүргүзүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана жыйынтыгында экономикалык туруктуу өнүгүүгө, аймактарда жашашкан калктын турмушунун жакшырышына жана аларды социалдык жактан  колдоого өбөлгө болууда.

Банктын 2015-жылда да кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишмердүүлүгүн турмушка ашырууга болгон жигердүүлүгү өзгөргөн жок. Ал мурдагыдай эле үзгүлтүксүз жана узак мөөнөттүү, даректүү, ачык-айкындуулук принциптерине негизделген. Артыкчылык туруктуу өнөктөштөргө жана көп жылдардан бери өз ишмердүүлүктөрү менен балдар үйлөрүнө, социалдык жактан муктаждыгы бар жана асоциалдык үй-бүлөлөрдөгү балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, мектеп-интернаттарга жана карылар үйлөрүнө колдоо көрсөтүү аркылуу коомчулуктун өнүгүшүнө  бараандуу салым кошуп келе жатышкан өнөктөштөргө берилет.

2015- жылы өлкөбүздөгү Балдарды коргоонун эл аралык Күнү, Орозо Айт, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Күнү сыяктуу маанилүү майрамдардын урматына 2000ден ашуун бала кайрымдуулук акцияларына камтылышты, аларга ар кандай таттуулуктар, азык-түлүк баштыкчалары, оюнчуктар жана канцелярдык товарлар түрүндөгү белектер даректер боюнча жеткирилип берүү аркылуу колдоо көрсөтүлдү. Кээ бир балдар үйлөрү үчүн тиричилик техникалары, эмеректер алынып берилди, майрамдык шоу-программалар жана ар кандай конкурстар боюнча байгелер тартууланган иш-чаралар уюштурулду.

Өзүнүн көп жылдардан берки салтын улантып, «Бай Түшүм» Банкы 9-Майдын алдында Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен согуштун ардагерлерин куттуктады жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте аймактарда өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларды каржылады. Согуштун бүткүл Кыргызстан боюнча 500дөн ашуун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери акчалай сыйлыктарды жана азык-түлүк салынган баштыкчаларды алышты.

Бир катар кайрымдуулук акциялары бардык мусулмандар үчүн  ыйык болгон, жакшы жөрөлгөлөрдүн жана боорукерликтин айы болгон Орозо айына арналды. Жетекчиликтин демилгеси боюнча Банктын 13 офисинин өкүлдөрү жалпы Кыргызстан боюнча орозо кармашкан 800дөн ашуун адам үчүн даярдалган  жамааттык ифтар (Орозо айындагы кечки ооз ачуу) уюштурушту. Ооз ачууга келишкен меймандарды даамдуу плов, көптөгөн жашылча-жемиштер жана ар кандай таттуулуктар менен сыйлашты.

Мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо ала албаган, жардамга көбүрөөк муктаж болушкан адамдарга Банк дайыма үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Банк кайрымдуулук программаларына катышуудан башка да наркы кымбат турган дарылануу курстарынын чыгымын төлөө, дары-дармек каражаттарын, азык-түлүк жана кийим-кече сыяктуу керектүү нерселерди жардамга муктаж болушкан адамдарга сатып берүү менен жекече материалдык жардам берип келе жатат. Банктын кызматкерлери материалдык жардамдарды чогултууга да активдүү катышышат жана жардамга муктаж болушкан мекендештерибиздин өтүнүчтөрүнө кайдыгер карабай, акча каражатын, китептерди, оюнчуктарды, кийим-кечелерди ж.б. тез арада чогултуу менен колдоо көрсөтүүнү жакшы адатка айландырып алышкан.

Социалдык долбоорлор

Банк өзү түзүлгөн күндөн баштап, өз ишмерчилигинде корпоративдүү социалдык жоопкерчиликтин эл аралык практикасына бекем багыт алуу менен калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн маанилүү-социалдык программаларды ишке киргизүү аркылуу өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышып келе жатат.

«Бай-Түшүм» Банкынын Директорлор Кеңеши тарабынан кайрымдуулук жардамдарынын чектерин кеңейтүү жана Кыргызстандын аймактарындагы элдин турумушун жакшыртууга көмөктөшө турган долбоорлорду колдоо тууралуу чечими кабыл алынды. Ошентип, экономикалык потенциалды, аймактардын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана балдардын социалдык мекемелерин колдоого көмөктөшө турган, социалдык-маанилүү долбоорлорду каржылоого акча каражаттар бөлүндү. Бүгүнкү күндө Банкы жалпы суммасы 4,1 млн-дон ашык сомго Талас, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ош областтарында 7 социалдык долбоорлорду каржылады жана аларды ийгиликтүү бүткөрдү.

www.smartcampaign.org