Коргоо системасынын катышуучусу

2012-жылдын 25-декабрында «Бай-Түшүм» Банкы, КРдин депозиттерди коргоо боюнча Агенттигинин №17-буйругунун негизинде №23/12 номери менен Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо системасынын катышуучу-банктарынын Реестрине киргизилди.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын «Аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «Бай-Түшүм» Банкынын аманатчыларынын депозиттери коргоого алынды.  Бул Мыйзамга ылайык аманатчыларга компенсациянын өлчөмү аманаттар боюнча пайыздарды кошкондо 1 миллион сомго чейинки деңгээлде белгиленет.

Кыргыз Республикасынын банктык аманаттарын коргоо системасы, кыргыз банктарынын аманатчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга, банктык системага карата ишенимди бекемдөөгө, банктык системага элдин аманаттарын тартууну стимулдаштырууга чакырылды.