Кардарларды коргоо принциптери

«Бай – Түшүм» Банкы өз ара ишенимден, түшүнүүдөн жана сыйлашуудан негизделген, кардарлар менен өнөктөштүк узак мөөнөттүк мамилелерди түзүү үчүн бардык болгон күчүн жумшайт.

«Бай-Тушум» Банкы 2014, 2016 SMART Campaign сертификатына татыктуу болгон.

SMART Campaign принциптер:

1. Насыялар боюнча ашыкча карыз болууга жол бербөө. Банк, зайымдарды төлөө боюнча жетиштүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган зайымчыларга гана насыя берүүгө, берилген зайымдар зайымчылар үчүн ашыкча карыз болуунун орчундуу тобокелдигин жаратпашы, ага жараша, алар карыздык аңга түшүп калбоосу үчүн  акылмандуулук менен негизделген бардык иш чараларды кабыл алат.

2. Баа түзүлүшүнүн таза ачыктыгы. Финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн наркы жана бардык шарттары (анын ичинде пайыздык чендери, коргоо төлөмдөрү, бардык комиссиялыктар ж.у.с.) таза ачык болуп саналат, алар тууралуу маалымат кардарлар үчүн түшүнүктүү формада берилет.

3. Карызды төлөтүү ыкмаларынын адекваттуулугу. Карыздарды төлөтүү боюнча иш чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлөт. Карыздарды төлөтүү боюнча Банктын колдонуусундагы ыкмаларында, карызды кемсинтип жана зордоп тартып алуу менен төлөтүү каралган эмес.

4. Ишкердик этика чендерин сактоо менен колдонуу. Банктын кызматкерлери кардарлар менен иштөө учурунда ишкердик этикасынын эң жогорку стандарттарын сактоо менен колдонушат. Банкта коррупциялык фактыларды же кардарларга тийиштүү эмес түрдөгү жасалган мамилелерди табуу жана четтетүү үчүн керектүү коргоо механизмдери иштейт.

5. Кардарлардын арыздарын кароо жана канааттандыруу жол-жоболору. Банкта  кардарлардын арыздарын жана сунуштарын оперативдүү кароо системасы каралган, анын чегинде кардар Банктын иши, көрсөтүлгөн сервистин жана кызматтардын сапаты тууралуу өзүнүн ой-пикирин айта алат, ошондой эле Банктын иш аракеттерин жакшыртуу боюнча өзүнүн сунушун киргизе алат. Ал эми Банк, өз кезегинде, андай маалыматка ошол замат көңүл бурат жана ошол маселени чечүү үчүн керектүү иш чараларды кабыл алат.

6. Кардарлар тууралуу маалыматтын купуялуулугу. Банк менен Кардардын ортосундагы бардык мамилелер өтө жашыруун мүнөздө болот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишим тарабынан сүйлөшүлгөндөн башка учурларда, Банк үчүнчү жактарга маалыматтарды бербөөгө жана жайылтпоого милдеттенет.

7. Продуктылардын жана сатуу каналдарынын туура келиши. Банктын продуктылары жана тейлөө кызматтары ошондой эле сатуу каналдары кардарлардын керектөөлөрүн жана каалоолорун эске алуу менен иштелип чыккан. Продуктылар жана сатуу каналдары, Банктын колдонуудагы саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык, кардарга эч кандай зыян алып келбейт.